Эрдоган: «Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүбүз Стамбул конвенциясынан чыгуу менен бүтпөйт»

Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөн «Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 4-Улуттук иш-аракет планын жайылтуу жолугушуусуна» катышты.

1668241
Эрдоган: «Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүбүз Стамбул конвенциясынан чыгуу менен бүтпөйт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүбүз Стамбул конвенциясынан башталган эмес жана бул конвенциядан чыгуу менен да бүтпөйт»,-деди.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөн «Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 4-Улуттук иш-аракет планын жайылтуу жолугушуусуна» катышты.

Президент, «Биз кечээ аялдарга карата зомбулукка каршы, аялдардын адам укуктарын колдонууга жөндөмдүүлүгүн кеңейтүүгө карата күрөшкөндөй эле, бүгүн да, эртең дагы күрөшө беребиз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, аялдарга карата зомбулук чын ыкластуу жана объективдүү түрдө каралышы керектигин белгилеп, «Биз жаңы иш-аракеттер планыбыз менен күрөштү дагы да күчөтүп жатабыз. Биз өзгөрүлүп жаткан шарттардын жана келип чыккан муктаждыктардын чегинде бардык зарыл болгон юридикалык жана административдик чараларды көрө беребиз»,деген пикирин билдирди.

Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты: «Биз Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча Улуттук иш-аракеттердин 4-планынын биринчи милдетин зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу деп аныктадык.

Биздин иш-аракеттер планынын негизги максаты - аялдарга карата зомбулукка коомдун көз карашына таасир этүү жана өзгөртүү жана алардын сезимталдыгын жогорулатуу».



Тектеш кабарлар