Деңизчилик жана Каботаж күнү белгиленүүдө

Стамбулдун Бешикташ районунда жайгашкан «Барбарос Хайреддин Паша» күмбөзүн зыярат кылган министр Караисмаилоглу китепчеге эскерүү кол жазмасын калтыргандан кийин сөз сүйлөдү.

1668240
Деңизчилик жана Каботаж күнү белгиленүүдө

1-июль Деңизчилик жана Каботаж күнүнүн 95 жылдыгы белгиленүүдө.

Стамбулдун Бешикташ районунда жайгашкан «Барбарос Хайреддин Паша» күмбөзүн зыярат кылган министр Караисмаилоглу китепчеге эскерүү кол жазмасын калтыргандан кийин сөз сүйлөдү.

Министр Караисмаилоглу: «Быйыл 95 жылдык мааракеси кубануу менен белгиленип жаткан Деңизчилик жана Каботаж күнү- бул сүйүктүү элибиздин деңиздерине жана деңизчиликке канчалык маани бергендигинин эң чоң далили. Биз кемелерди (1453-жылы Стамбулду багындырууда) бир гана деңизден эмес кургактыктан да сүзүп өткөргөн, тарыхты жараткан элбиз. Ушул себептен табигый жарым арал болгон жана деңиз чек аралары кургактык чек араларынан үч эсе чоң болгон өлкөбүз үчүн ар бир кадамыбызда улутубузду деңиз менен бириктирүү биздин биринчи максатыбыз», деди.

Андан соң губернатор Али Йерликая менен биргеликте деңиз шейиттери үчүн пирстен деңизге гүлчамбар коюлду.



Тектеш кабарлар