Түркия менен Гаитинин ортосунда коргонуу өнөр жайы жаатында декларацияга кол коюлду
Анталия Дипломатия Форумунун (АДФ) алкагында Мальта, Гаити, Сенегал, Украина, Нигер, Сомали, Кыргызстан жана Бангладештен келген коргоо жана тышкы иштер министрлери жана ошондой эле Түркиянын коргонуу компаниялары менен пикир алмашуу болду.
Түркия менен Гаитинин ортосунда коргонуу өнөр жайы кызматташтыгын өнүктүрүү ниети жөнүндө декларацияга кол коюлду.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын эгедерлигинде жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун алып баруусунда өткөн Анталия Дипломатия Форумунун (АДФ) алкагында Мальта, Гаити, Сенегал, Украина, Нигер, Сомали, Кыргызстан жана Бангладештен келген коргоо жана тышкы иштер министрлери жана ошондой эле Түркиянын коргонуу компаниялары менен пикир алмашуу болду.
Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагындагы иштерин, кызматташтыктарын жана инвестицияларын түшүндүрдү.
Панелде Демир менен Гаитинин коргоо министри Жан Уалнард Дорневал эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу өнөр жайы кызматташтыгын өнүктүрүү ниети жөнүндө декларацияга кол коюшту.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.