Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Министр Акар терроризмди токтотууга чечкиндүү экендиктерин билдирди.

1661124
Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Акыркы 6 жылда 18 миң 196 террорист зыянсыздандырылып, алардын баш калкалоочу жайлары, үңкүрлөрү, бардык жайлары жок кылынды жана жок кылынууда», деди.

Акар кечээ Башкы штабдын төрагасы генерал Яшар Гүлер жана Күч күчтөрүнүн командирлери менен биргеликте массалык өндүрүш линиясынан чыккан биринчи улуттук «Атмажа» ракетасынын сыноолоруна байкоо салды.

Улуттук кеме TCG Кыналыада корветинен ишке ашырылган ийгиликтүү атуудан кийин Акар, Түркиянын эл аралык аренада чоң күчкө айланганын жана Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн жоопкерчиликтеринин жогорулагандыгын билүү менен иш-аракеттерин улантып жаткандыгын айтты.

Министр Акар терроризмди токтотууга чечкиндүү экендиктерин билдирип: «Ирактын түндүгүндө уя салган террористтерди жок кылуу үчүн күрөшүбүз акыркы террорчу зыянсыздандырылганга чейин уланат. 2015-жылдын 24-июлунан бери биздин терроризмге каршы күрөшүбүз тынымсыз уланып келе жатат. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин 18 миң 196 террорист зыянсыздандырылды.

Ал жактагы баш калкалоочу жайлар, үңкүрлөр, бардык жайлары жок кылынды жана жок кылынууда. Биз улутубузду ушул террордук балээден куткарып, чек араларыбыздын жана элдерибиздин коопсуздугун камсыз кылабыз. Алар кайда качса биз алардын артынан түшөбүз», деди.



Тектеш кабарлар