Өмер Челик : "НАТО саммити Түркия үчүн абдан ийгиликтүү өттү"

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик НАТО саммити тууралуу билдирди.

1661198
Өмер Челик : "НАТО саммити Түркия үчүн абдан ийгиликтүү өттү"

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик : «НАТО саммити Түркия үчүн абдан ийгиликтүү өттү. Байден кызматына келгенден кийин алгачкы бетме  - бет жолугушуу болду. Жекеме  - жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө дээрлик бардык маселелер талкууланды»,- деди.

Анталья дипломатялык форуму Антальянын Белек туризм борборундагы NEST Конгресс борборунда улантылууда.  

Форумга катышкан Челик Ковид  - 19 эпидемиясынын чыгышы менен узун убакыттан кийин президент Р. Т. Эрдоган үчүн абдан маанилүү дипломатия жумасы болгондугун баса белгилеп, бул процесстин НАТО мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити менен башталгандыгын айтты.

Президент Эрдогандын АКШнын президенти  Жо Байден, Франциянын Президенти Эммануэль Макрон жана Грециянын премьер-министри Кирякос Митчотакис менен жогорку деңгээлдеги маанилүү жолугушууларды өткөргөндүгүн белгилеп : «Абдан тыгыз жолугушуулар өттү. НАТОнун күн тартиби да маанилүү эле. Алдыбыздагы жылдардын концептинин эмне болоруна байланыштуу талкуу болду. Президентибиз бул жерде Түркиянын көз караштарын ар тараптуу айтып берди. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр курч өткөн саммиттердин бири болду. Эки тараптуу карым катнаштар, терроризм менен күрөш сыяктуу бир топ тема каралды. Франция менен узун убакыттан бери келе жаткан талаш  - тартыштар бар. Ошондуктан бул жолугушуунун абдан позитивдүү өткөндүгүн айта алабыз»,- деди.

Греция менен карым  - катнаштарга да токтолгон Челик : «Греция менен Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Кипр тууралуу чыңалуу бар эле. Урматтуу президентибиздин Мичотакис менен жекеме  - жеке жолугушуусунда берген негизги билдирүүсү : «Маселелерибизди эки өлкө катары биз чечели. Арабызга башка өлкөлөрдүн киришине уруксат бербейли»,- болду. Бул да абдан позитивдүү атмосферада өттү. Урматтуу Макрон менен ачык түрдө сүйлөшүлдү»,- деди.

Президент Эрдогандын Франциянын президенти Макрон менен болгон сүйлөшүүсүндө өзгөчө ислам душмандыгы жана мусулмандар тууралуу мыйзамдык жоболор боюнча санааркоолорун бөлүшкөндүгүн билдирген Челик, Макрондун да бул тууралуу билдирүү жасагандыгын, муну пресс  - жыйынында да кенен түрдө белгилегендигин айтты.

Өмер Челик : «НАТО саммити Түркия үчүн абдан ийгиликтүү болду. Байден кызматка келегенден кийин алгачкы бетме  - бет жолугушуу. Жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларда бардык маселелер каралды. Ал жерде бул темалардын үстүнөн иштөө боюнча эрк да ортого чыкты»,- деди.



Тектеш кабарлар