Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 59 киши көз жумду.

1660897
Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 59 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 71 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 224 миң 128 тест жасалып, 497 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 575 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 427 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 224 миң 224кө жогорулады.

Бир тараптан Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында биринчи жана экинчи доза вакцинаны алгандардын саны (Түркия убактысы боюнча 19.40тан тарта) 40 миллион 215 миң 132ге жетти.



Тектеш кабарлар