Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 69 киши көз жумду.

1656384
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 69 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 593 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 224 миң 128 тест жасалып, 561 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 261 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 6 миң 217 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 192 миң 945ке жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар