Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган менен Садыр Жапаров биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган Кыргызстанга бардык жактан колдоо көрсөтүүнү улантышарын айтты.

1654963
Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган менен Садыр Жапаров биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Кыргызстанды бардык тараптан колдоону улантарын айтты. Эрдоган Түркияга сапар менен келген Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен борбор шаар Анкарада биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Эрдоган : «Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз калкы менен мамлекетине болгон колдоосун дагы бир жолу билдирдик. 11 -  апрелде болгон Конституциялык референдум бир бурулуш жери болду. Бул референдум менен кыргыз калкы президенттик өкмөт системасын тандады. Жаңы системанын пайдалуу болушун каалаймын. Кыргызстандын жаңы мүмкүнчүлүктөр менен жолун улантарына ишенем. Түркия тажрыйбаларын бөлүшүүнү, Кыргызстанга бардык тараптан колдоо көрсөтүүнү улантат»,- деди.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода карым-катнаштарын  кеңири карап чыгышкандарын белгилеген Эрдоган : «507 миллион долларлык соода көлөмүбүздө Ковид  - 19 эпидемиясына карабастан төмөндөө болгон жок. Потенциалыбыздын дагы да жогору экендиги белгилүү. 1 миллион долларлык соода максатыбызга жетүү үчүн аракеттерибизди арттырабыз», - деди.

«Кабыл алган чечимдер жана бир аз мурдараак кол коюлган тексттер менен стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн пайдубалын бекемдедик.

Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташуу Кеңешинин биргелешкен билдирүүсүндө таштала турган кадамдар боюнча жол картабызды аныктадык",-  деген Эрдоган  : «Бири бирибизге карата инвестицияларды өнүктүрүү тууралуу боордошум менен бирдей пикирде экениме кубанычтуумун. Ошол эле учурда албетте таштаган кадамдарыбыз менен буюрса Түркия  -  Кыргызстан ортосундагы учак каттамдарын арттыруу менен дагы башка болот»,- деп билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө ФЕТӨ башта болгон бардык террор менен күрөшүүдөн тартып аймактык кызматташууга чейин маселелерди талкуулашкандарын белгилеген Эрдоган ФЕТӨнүн эки өлкө үчүн да улуттук коопсуздук коркунуч туудургандыгы тууралуу Жапаров менен бирдей пикирде экендерин жана бирдикте бул коркунучту жеңишерин айтты.

Кыргызстандын президенти Жапаров да Кыргызстандын, Түркиянын эл аралык тармакта маанисинин артышынан кубанычтуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар