Чавушоглу баш катчы Йенс Столтенбергдин иш-аракеттерин колдой тургандарын билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу видеоконференциялар аркылуу өткөрүлгөн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

1649786
Чавушоглу баш катчы Йенс Столтенбергдин иш-аракеттерин колдой тургандарын билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

Видеоконференциялар аркылуу өткөрүлгөн жыйында, 14-июнда боло турган 2021-жылдагы НАТО лидерлеринин саммитине даярдыктар жана саммитте кабыл алынышы пландалган НАТОнун 2030-резолюциялары, Европа-Атлантика аймагынын коопсуздугуна байланышкан окуялар жана НАТОнун күн тартибиндеги башка маселелер талкууланды.

Министр Чавушоглу, жыйында НАТОнун 2030 резолюцияларынын алкагында баш катчы Йенс Столтенбергдин иш-аракеттерин колдой тургандарын билдирди.

Чавушоглу, бул чечимдер бүгүнкү күндүн стратегиялык шартында альянстын жана трансатлантикалык байланыштардын тууралыгын далилдейт жана аларды дагы да бекемдейт деп эсептээрин билдирди.

Чавушоглу, ошондой эле Ооганстандын келечегиндеги НАТОнун ролу жөнүндө Столтенбергдин көз-караштарын колдой тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар