YTB Анкарада Солинген курмандыктарын эскерди
Германиянын Солинген шаарында 1993-жылы болгон расисттик кол салууда өлтүрүлгөн түрктөр унутулган жок.
1647085
Германиянын Солинген шаарында 1993-жылы болгон расисттик кол салууда өлтүрүлгөн түрктөр унутулган жок.
Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы YTB 28 жыл мурун Солинген шаарында оңчул расисттер тарабынан өлтүрүлгөн Генч үй-бүлөсүнөн 5 түрктү, анын ичинде 4 баланы эскерди.
Каза болгондорду эскерүү жана Европада адам укуктарынын бузулуп жаткандыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында YTB борбор шаар Анкаранын Улус аянтында Генч үй-бүлөсүнүн үйүнүн макетин тургузду.
Генч үй-бүлөсүнүн эскерүүлөрү коюлган үй анкаралык конокторго ачылды.
Ошондой эле, үйгө келген кишилердин өз ойлорун жаза турган дептер да коюлду.
Солингенде курман болгондордун элесине арналып курулган үй 26-29-май күндөрү коноктор үчүн ачык болот.