Президент Р. Т. Эрдоган Илхам Алиевди куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Азербайжан Республика Күнүнөн улам куттуктады.

1647133
Президент Р. Т. Эрдоган Илхам Алиевди куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Азербайжан Республика Күнүнөн улам куттуктады.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Эрдоган 1918 -  жылы 28 -  майда жарыяланган республиканын 103 жылдыгынан улам Алиевге куттуктоо жиберди.

Түрк калкы жана өзүнүн атынан Алиев жана Азербайжан калкын куттуктаган Эрдоган : «Боордош Азербайжан бул жылы Республика Күнүн мекен согушундагы жеңишинин сыймыгы менен белгилеп жатат. Түркияда  «кайгысын өз кайгысы» катары көргөн Азербайжандын бул бакытын бөлүшөбүз»,- деп билдирди.

Эрдоган мыкты болгон стратегиялык карым  - катнаштарды «бир улут, эки мамлекет» руху менен дагы да бекемдөөдөгү өз ара эрктен кубанычтуу экендигин билдирди.

Боордоштуктун жана кызматташуунун аймакта тынчтыктын, туруктуулуктун жана бейкуттуктун эң чоң кепилдиги экенине ишенгенин баса белгилеген Эрдоган : «Ушул себеп менен сизге чың ден соолук жана бакыт каалаймын. Дос жана боордош Азербайжан калкына жаркын келечек жана туруктуу бейкуттук үчүн дагы бир жолу жакшы тилектеримди билдиргим келет»,- деди.

 



Тектеш кабарлар