Түрк деңиз күчтөрү ири масштабдуу машыгуу өткөрүүдө

"Деңиз карышкыры-2021" машыгуусуна 132 кеме, 10 суу астында жүрүүчү кеме, 43 учак, 28 тик учак жана 14 учкучсуз учуучу аппарат катышууда.

1645199
Түрк деңиз күчтөрү ири масштабдуу машыгуу өткөрүүдө

Түрк деңиз күчтөрү, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ири масштабдуу машыгуу өткөрүүдө.

Март айындагы "Көгүлтүр Мекен" машыгуусунан кийин бүгүн башталган "Деңиз карышкыры-2021" машыгуусуна 132 кеме, 10 суу астында жүрүүчү кеме, 43 учак, 28 тик учак жана 14 учкучсуз учуучу аппарат катышууда.

Кургактык жана аба күчтөрүнөн тышкары, 10 мамлекеттик мекеме жана Түрк Кызылайы менен кызматташуу текшерилет.

Бул колдоонун негизинде 25 миң 500 кызматкердин машыгууга катышары күтүлүүдө.

«Деңиз карышкыры 2021» машыгуусу, стратегиялык деңгээлдеги операцияга даярдык элементтерин камтыйт.

Бөлүктөрдүн жана десанттардын жер үстүндөгү согуштары, суу алдындагы коргонуу согуштары, электрондук согуш жана суу алдында жүрүүчү кемелерден персоналды куткаруу мүмкүнчүлүктөрү алардын бир канчасы гана.

Машыгуунун акыркы этабында 83 кеме Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги 22 портто болушат.

Мурунку жылдардан айырмаланып, коронавирустук чаралардын себебинен кемелер жарандарга сүзбөйт.

«Деңиз карышкыры 2021» машыгуусу 5-июнда Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги тандамал байкоочу күн менен аяктайт.



Тектеш кабарлар