НАТО "Вуран" аттуу түрк ок өткөрбөс унаасын таанытты

НАТО социалдык медиа эсебинен түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарындагы «Вуран» ок өткөрбөс унаасын тааныткан видеону жарыялады.

1642863
НАТО "Вуран" аттуу  түрк ок өткөрбөс унаасын таанытты

НАТО социалдык медиа эсебинен түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарындагы «Вуран» ок өткөрбөс унаасын тааныткан видеону жарыялады.

НАТО Европа бириккен күчтөрүнүн башкы штабынын твиттер эсебиндеги билдирүүсүндө Түркиянын НАТОго караштуу Жогорку даярдыктуу биргелешкен ыкчам тобунун (VJTF) жетекчилигин  алгандыгы эске салынды.

«Вуран» ок өткөрбөс унааларынын бул миссия үчүн турмуштук мааниге ээ экендиги белгиленген билдирүүдө : «Видеону көргүлө жана Вуран менен таанышкыла»,- деп айтылды.

Түрк аскерлери жана «Вуран» унааларына таандык көрүнүштөр орун алган видеодо Вуранга таандык техникалык айрым өзгөчөлүктөргө да орун берилди.

Вуран 4х4 жеңил, тактикалык дөңгөлөктүү ок өткөрбөс унаалар операцияларга катышууда. «Вуран» жогорку баллистикалык, мина жана колдо жасалган жарылуучу заттан коргоо өзгөчөлүгүнө ээ. Унаалар күчтүү мотор жана кубаттуу агрегаттар менен согуштук салмакта жогорку мобилдүүлүк менен иштей алышат.



Тектеш кабарлар