«Чеңгел» операциялары уланып жатат

Улуттук Коргоо министрлиги маалымат берди.

1643352
«Чеңгел» операциялары уланып жатат

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел» операцияларынын алкагында издөө жана текшерүү иш-аракеттеринде аныкталган үңкүр жараксыз абалга келтирилди.

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык тармактарындагы билдирүүсүндө: «Ирактын түндүгүндө уланып жаткан «Чеңгел-Чагылган» операцияларынын негизинде террористтердин уясына кирүүнү улантуудабыз. Аймакта издөө жана текшерүү иштеринин жүрүшүндө табылган дагы бир үңкүр ичиндеги ок-дарылар менен жараксыз абалга келтирилди» деген сөздөр камтылды.

Ошондой эле билдирүүдө үңкүр менен ок-дарылар жана жок кылуунун көрүнүштөрү орун алды.



Тектеш кабарлар