Түркия Крым татарларынын сүргүнү жана Кавказ түрктөрүнүн кыйыгчылыгын бөлүшөт

Түркия ата мекенинен мажбурлоо менен сүргүнгө айдалган Крым татар түрктөрү менен боордош Кавказ калктарынын кыйынчылыгын бөлүшкөндүгүн билдирди.

1641528
Түркия Крым татарларынын сүргүнү жана Кавказ түрктөрүнүн кыйыгчылыгын бөлүшөт

Түркия ата мекенинен мажбурлоо менен сүргүнгө айдалган Крым татар түрктөрү менен боордош Кавказ калктарынын кыйынчылыгын бөлүшкөндүгүн билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич Крымдын жергиликтүү калкы болгон Крым татар түрктөрүнүн 77 жыл мурда ушул күнү ата мекенинен мажбурлоо менен чыгарылып кыйын шарттарда сүргүнгө айдалгандыгын айтты.

Билгич : «1944 -  жылдын 18 -  май күнү түнү 250 000 Крым татар түркү кыйын шарттарда шарттарда сүргүнө айдалды. Бул маанилүү окуяда Крым татар түрктөрүнүн көпчүлүгү каза болсо, тирүү калгандары ата мекен сагынычы менен жашоого  мажбур болду. Түркия сүргүндөн 77 жылдан кийин Крымдын мыйзам тышы аннекцияланышынан улам келип чыккан кыйынчылыктар менен сыналып жаткан Крым татарларынын  күбөлүктөрүнүн сакталышы, бейпилдиги үчүн тектештеринин жанында болууну улантат»,- деди.

21 -  майды Черкес күнү катары эскеришкендерин айткан Билгич сөзүн төмөнкүчө улантты : «21 -  майды Россия падышачылыгынын басып алуусунан улам өз жерлерин таштап кетүүгө мажбур болуп Анадолуга баш калкалаган Кавказ калктары чоң жоготууга учураган, азырда эсибизде сакталган

трагедия болгон «Черкес сүргүнүнүн» 157 -  жылын эскерип жатабыз. Крым татар түрктөрү жана боордош  Кавказ калктарынын кайгысын бөлүшүп, сүргүндөрдө каза болгондордун элесине урмат – сый менен таазим кылабыз».



Тектеш кабарлар