Фахреттин Алтун түрк жаранына зомбулук көрсөткөн немис полициясына каршылык көрсөттү
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Германиянын Франкфурт шаарында бир түрккө зомбулук кылган немис полициясына каршылык көрсөттү.
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Германиянын Франкфурт шаарында бир түрк жаранына зомбулук кылган немис полициясына каршылык көрсөттү.
Фахреттин Алтун соцтармактан берген маалыматында : «Немис полициясынын майып түрк жаранына карата күч колдонуусун катуу айыптаймын. Германиядан келген көрүнүштөр, уяты бар жана адам укуктарына сый көрсөткөн баарын аракетке өткөрүшү керек. Өзгөчө чет элдик душмандыгынын Европада ылдам жогорулап бара жаткандыгын да далилдеп жатат»,- деди.
Франкфуртта 34 жаштагы түрк жараны Селим Чифчи ишемби күнү дарылануу үчүн ооруканага баратып жолдо ооруп калган. Чифчинин жакындары тез жардам чакырган, окуя болгон жерге тез жардамдан мурда көп сандаган полиция келген. Полиция психологиялык жактан оорулуу Чифчини тынчтандыруунун ордуна аны жерге жаткырып күч колдонгон. Денесинин түрдүү жерлеринен жараланган Селим Чифчи ооруканага жаткырылды. Эс - учун жоготкон Чифчинин үй - бүлөсү полициялар тууралуу кылмыш ишин козгошту.
Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран соцтармактан маалымат берип, немис полициясынын зомбулугун айыптаган.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.
Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.