ТИКАдан Украинага медициналык колдоо
Украинанын президентинин комиссары Вадим Свириденко ТИКАга ыраазычылыгын билдирип, долбоордун өтө кыска убакыттын ичинде ишке ашканын белгиледи.
Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Украинадагы Ирпин медициналык клиникалык дарылоо жана Реабилитация борборуна шаймандар жагынан жардам берди.
Бул борбордо Украинанын куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери дарыланышат.
Куралдуу күчтөрдүн реабилитациясы боюнча жооптуусу Украинанын президентинин комиссары Вадим Свириденко ТИКАга ыраазычылыгын билдирип, долбоордун өтө кыска убакыттын ичинде ишке ашканын белгиледи.
Борбордун директору полковник Андрий Кин да бул долбоордун алар үчүн маанилүү экендигин айтып, гранддык колдоонун жоокерлердин дарылануусуна салым кошорун билдирди.
Ал эми ТИКАнын Украина координатору Жүнейт Эсмер, ТИКА катары дүйнөнүн 60 өлкөсүндө иштеп жаткандарын билдирди.
Тектеш кабарлар
Түркияда 2023-жылы 958 миң 408 ымыркай төрөлдү
Түркиянын статистикалык мекемеси (TÜİK) 2023-жылга карата төрөт көрсөткүчтөрүн жарыялады.