«Чеңгел-Чагылган» операциясы уланып жатат
Дагы үч террорист таасирсиз кылынды.
Ирактын түндүгүндө уланып жаткан «Чеңгел-Чагылган» операциясы учурунда Метинада аныкталган жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү болгон үч террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги баракчасынан жарыяланган билдирүүдө: «Террористтерди өз уюктарына көмүүнү улантуудабыз! Ирактын түндүгүндө «Чеңгел-Чагылган» операциясы жүргүзүлгөн Метинада аныкталган дагы 3 ПКК террористи биздин аба күчтөрүбүз тарабынан таасирсиз кылынды. Шейиттерибиздин канын жерге таштаган жокпуз, таштабайбыз!» делди.
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн «Чеңгел-Чагылган» операциясында таасирсиз кылынган террористтердин саны 111ге жетти.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.