Түрк аскери «Тынчтык булагы» аймагында муктаждарга жардам берүүдө

«Тынчтык булагы» операциясы менен Сириянын терроризмден тазаланган аймактарындагы муктаждарга Түрк аскери жардам колун сунууну улантууда.

1636316
Түрк аскери «Тынчтык булагы» аймагында муктаждарга жардам берүүдө

2019-жылдын октябрь-ноябрь айларында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясы менен Сириянын терроризмден тазаланган аймактарындагы муктаждарга Түрк аскери жардам колун сунууну улантууда.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттердеги эсебинде жарыяланган билдирүүдө төмөнкүдөй сөздөргө орун берилген: «Биз «Тынчтык булагы» аймагына өлкөбүздүн жардам колун сунууну улантуудабыз. 7-Десанттык бригадасынын командирлиги тарабынан аймактагы жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк жардамы берилди жана кары-картаңдар ден-соолук текшерүүсүнөн өткөрүлдү, ошол эле учурда балдарга кийим-кече таратылды».



Тектеш кабарлар