Улуттук коргоо министри операциялар, Кипр, Греция тууралуу маалыматтарды берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларында жок кылынган ПКК террористтеринин саны 68ге жеткендигин билдирди.

1634341
Улуттук коргоо министри  операциялар, Кипр, Греция тууралуу маалыматтарды берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларында жок кылынган ПКК террористтеринин саны 68ге жеткендигин билдирди.

Хулуси Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, генерал Яшар Гүлер, деңиз күчтөрүнүн командири,  адмирал Аднан Өзбал менен Гөлжүк деңиз флотунун командирлигинде иликтөө жүргүздү. Бул жерде аскер кызматкерлерине кайрылган Акар Ирактын түндүгүнө карата 23 -  апрелде «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларынын баштатылгандыгын эске салып : «Операцияларыбыз кызуу жана ийгиликтүү жүрүп жатат. Акыркы жолу бир үңкүрдө 6 террорист жок кылынды. 23 -  апрелден ушул күнгө чейин биз көзүбүз менен көргөн 68 террорист жок кылынды»,- деди.

Кипрдын Түркиянын улуттук доосу экенине да токтолгон Акар аралда эки мамлекеттүү бир түзүлүштүн шарт экендигин айтты. Министр Акар Греция менен карым  - катнаштарга да токтолуп : «Түркияга каршы коркутуу тили менен эч жерге кара албай тургандарын түшүнүүлөрүн күтүп жатабыз»,- деди.

Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипрде саясий чечүүчү жол издөөнүн алдын ачышкандарын айткан Акар Түркиянын эч кимдин жерине, суусуна, укук жана мыйзамына көз салбагандыгын белгиледи.

Акар : «Баары укуктарыбызды тебелетпей тургандыгыбызды абдан жакшы билүүлөрү керек»,- деди.



Тектеш кабарлар