ПКК тарабынан уурдалып кеткен уулун 6 жылдан кийин көргөн атасы кубанычка батты

Байрам Йеткин кечээ Шырнакта коопсуздук күчтөрүнө багынып берген уулу менен жолугушту.

1631263
ПКК тарабынан уурдалып кеткен уулун 6 жылдан кийин көргөн атасы кубанычка батты

Жикчил террордук уюм ПКК тарабынан тоого уурдалып кеткен уулун 6 жылдан кийин көргөн Байрам Йеткин кубанычын балдарын күтүп турган үй-бүлөлөр менен бөлүштү.

6 жыл мурун тоого уурдалып кеткен уулу Режеп үчүн Муштан келип Элдердин Демократиялык Партиясынын (HDP) Облустук башкармалыгы имаратынын алдындагы Диярбакыр энелеренинин нөөмөтүнө катышкан Байрам Йеткин, Ички иштер министрлигинин координациясында Муш облустук жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында кечээ Шырнакта коопсуздук күчтөрүнө багынып берген уулу менен жолугушту.

Диярбакыр облустук жандармерия командирлигиндеги жолугушууда баласын кучактаган Йеткин, андан кийин моралдык колдоо көрсөтүү үчүн кубанычын нөөмөттө турган үй-бүлөлөр менен бөлүштү.

Үй-бүлөлөр менен кезиккен Йеткин өз сөзүндө балдары ПКК тарабынан уурдалган ар бир адамды акцияга кошулууга чакырды.



Тектеш кабарлар