Түркияда 24 саатта Ковид - 19дан 339 киши каза болду
Бир күндө 278 108 тест жасалып, 2 715 жаңы учур катталды.
1630994
Түркиянын Ковид - 19 менен күрөшүндө акыркы 24 саатта 339 киши каза болду.
Эпидемиянын башынан бери каза болгондордун саны 39 737ге жетти.
Бир күндө 278 108 тест жасалып, 2 715 жаңы учур катталды. Күнүмдүк бейтап саны 37 674 болду.
Айыгып ооруканадан чыккан 43 253 киши менен айыккандардын жалпы саны 4 миллион 255 714кө жогорулады.