Түркияда эпидемияга каршы «толук карантин» киргизилет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эпидемияга каршы күрөшүүнүн алкагында 29-апрелден 17-майга чейин бүтүндөй өлкөдө "толук жабуу" ишке ашырыла турганын жарыялады.

1628778
Түркияда эпидемияга каршы «толук карантин» киргизилет
erdogan super1.jpg

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 353 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 38 миң 711 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 268 миң 893 тест жасалып, 2 миң 716 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 37 миң 312 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 48 миң 27 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 121 миң 671ге жогорулады.

Бул учурда президент Режеп Таййип Эрдоган, эпидемияга каршы күрөшүүнүн алкагында 29-апрелден 17-майга чейин бүтүндөй өлкөдө "толук жабуу" ишке ашырыла турганын жарыялады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар