Грузин жана өзбек тарыхчылар : "Армян дооматтары негизсиз"

Грузиянын Саясий илимдер жана эл аралык мамилелер академиясынын президенти Симон Копадзе 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Грузиянын бул айыптоолорду тааныбай туура чечим чыгарганын айтты.

1627512
Грузин жана өзбек тарыхчылар : "Армян дооматтары негизсиз"
sohret barlas.jpg
Simon Kopadze.jpg

Грузиянын Саясий илимдер жана эл аралык мамилелер академиясынын президенти Симон Копадзе 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армяндардын дооматтары жалган экендигин жана Грузиянын бул айыптоолорду тааныбай туура чечим чыгарганын айтты.

Копазде армян коомчулугунун 106 жыл мурун болгон окуяларга байланыштуу дооматтары чындыкка дал келбестигин белгилеп, бул окуяларды тарыхый архивдеринде иликтөөдөн алыс болушкандарын билдирди.

"Түркия өкмөтүнүн көптөгөн жолу чакырууларына карабастан армяндар архивдерин изилдөөдөн алыс турушууда. Түркия аларга келгиле бул жерде баары ачык, баары ортодо деп чакырууда бирок алар буга жакындабай жатышат»,- деп билдирди Копадзе.

Армяндарды тарыхый архивдерди изилдөөгө чакырган Копадзе : "Президент Режеп Таййип Эрдоган архивдердин баарына ачык экендигин бир нече жолу айтты. Бул темада көптөгөн америкалык изилдөөчүлөр иштеп,  китептер жарык көрдү, бирок армян диаспорасы каршылык көрсөтүп, айрым тексттер жана изилдөөлөргө бөгөт коюлду",- деди.  

29 жылдан бери армян ташнактардын Орто Азия, Кавказдар, Анадолу жана дүйнөнүн башка аймактарында аткарган иштерин изилдеген жана бул боюнча 8 китеп, 4 даркетүү фильм тартып жана көп сандаган макала жазган өзбек тарыхчы, изилдөөчү - жазуучу Шөхрет Барлас да дүйнөнүн бир топ өлкөсүндөгү китепканаларда армян геноциди тууралуу архив документтерин иликтегендигин, эч бир китепкана архивинде армян дооматтарын ырастай турган далилдин жок экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар