Байдендин жасалма геноцид билдирүүсүнө каршы чыгуулар күчөп баратат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп мүнөздөгөнүнө каршы чыгуулар күчөп жатат.

1627685
Байдендин жасалма геноцид билдирүүсүнө каршы чыгуулар күчөп баратат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп мүнөздөгөнүнө каршы чыгуулар күчөп жатат.

Вице-президент Фуат Октай Байдендин билдирүүсүнө катуу жооп берди, «Саясий эсептери үчүн тарыхтын бурмаланышынын көрсөткүчү болгон 1915-жылдагы окуяларга баа берүүсүн четке кагабыз. Армяндар тарабынан ойдон чыгарылган негизсиз айыптоолорго негизделген жана армян козголоңчулары тарабынан кыргынга учуратылган түрктөрдүн азап-кайгысын четке каккан бул билдирүүнүн биздин улут жана тарых үчүн эч кандай баасы жок. Биздин архивдер чындыктарды көргүсү келгендер үчүн ачык»,-деп айтты.

Улуттук кыймыл партиясынын башчысы Девлет Бахчели: «Түрк улутунун даңазалуу тарыхында геноцид сыяктуу уяты да, кыргын сыяктуу басынтуусу да жок. Биздин тарыхыбыз ушул жагынан да таза»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Байдендин билдирүүсүн айыптайбыз жана четке кагабыз» деди жана «АКШ президентине тарыхына жана азыркы учуруна көз чаптырууну сунуштайбыз»,-деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун бул билдирүүнү катуу айыптагандарын билдирип, «Вашингтон биздин ардактуу тарыхыбызга көлөкө түшүргөндүктөн, эки тараптуу мамилелерибиз боюнча биз өтө өкүнүчтүү, кайгылуу күндү баштан кечирип жатабыз. Тилекке каршы, АКШ бийлиги бул билдирүүнү жасоодо лоббилердин талаптарына чөгөлөп беришти»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик: «Тарыхый жана укуктук негизи жок, далилсиз дооматтарга негизделген билдирүүнү четке кагабыз»,- деп билдирди.

Республикалык Элдик Партиянын катчысы Фаик Өзтрак Байдендин билдирүүсүнүн тарыхка чоң ката катары киргенине көңүл буруп, «Биз өлкөбүздү күнөөлүү деп эсептеген билдирүүлөрдү катуу айыптайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар