Лидерлер 23 - Апрель эгемендик жана балдар майрамына карата куттуктоолорун жарыялашты

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп 101 жыл мурда улуу улуттун мекендин биримдиги үчүн болгон күчү менен иштөө чечкиндүүлүгүн бүгүн да ошол эле ишенич менен сактагандыгын айтты.

1626954
Лидерлер 23 -  Апрель эгемендик жана балдар майрамына карата куттуктоолорун жарыялашты
devlet bahceli.jpg
kilicdaroglu.jpg

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп 101 жыл мурда улуу улуттун мекендин биримдиги үчүн болгон күчү менен иштөө чечкиндүүлүгүн бүгүн да ошол эле ишенич менен сактагандыгын айтты.

Мустафа Шентоп Түркия Улуттук Парламентинин ачылышынын 101 -  жылы жана 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам куттуктоо жарыялады. Куттуктоосунда улуттук эрктин көрүнүшү болгон Түркия Улуттук Парламентинин курулушунун 101 – жылына жетүүнүн сыймыгы менен Улуттук эгемендик жана балдар майрамын чын жүрөктөн куттуктагандыгын белгилеген Шентоп чоң кыйынчылыктар менен курулган Түркия Улуттук Парламентинин өз жанын аябастан  эркиндигин тебелетпеген каарман элдин белеги экендигин белгиледи. Шентоп : «Республикабыздын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана курал жолдошторун, алгачкы парламентибизден Ардагер парламентибиздин чатыры астында кызмат кылган бардык депутаттарыбызды, гимндин кабыл алынышынын 100 жылдыгынан улам улуттук акыныбыз Мехмет Акифти, Боштондук согушунда шейит болгондорду ыраазычылык менен эскерем»,- деди.

Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу 23 -  апрелден улам балдарды онлайн режимде куттуктады.

Кемал Кылычдароглу өлкө ичинде жана өлкө тышынан балдар менен сүйлөшкөндүгүнө байланыштуу видеосун соцтармактан жарыялады.

Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели да твиттерден жарыялаган куттуктоосунда 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктады.

Девлет Бахчели куттуктоосунда : «Түркия Улуттук Парламентинин алгачкы спикери Гази Мустафа Кемал Ататүрккө, биринчи парламенттин мүчөлөрүнө, депутаттарына, шейиттерибизге Аллахтан кайрымдуулук каалайм, азыркы учурда жашап жаткан мурунку жана жаңы бардык депутаттарыбызга узун өмүр каалаймын»,- деди.



Тектеш кабарлар