Түркия-Афганистан-Пакистан жыйыны эртең Стамбулда өтөт
Жыйындын алкагында Афганистан тынчтык процесси менен катар коопсуздук, энергетика, байланыш жана мыйзамсыз миграция сыяктуу үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тармактарынын карала тургандыгы белгиленди.
1626314
Түркия, Афганистан жана Пакистандын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйыны эртең Стамбулда өтөт.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жыйындын алкагында Афганистан тынчтык процесси менен катар коопсуздук, энергетика, байланыш жана мыйзамсыз миграция сыяктуу үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тармактарынын карала тургандыгы белгиленди.
Билдирүүдө ошондой эле тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун ооган жана пакистандык кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү пландап жаткандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.