Эрдоган Түркия-Албания Фиер достук ооруканасынын ачылышына катышты
Түркия 30 жылдан ашуун убакыттан бери Албаниянын өнүгүүсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Албания менен катар бардык Балкан өлкөлөрүнүн тынчтык, бейпилдик, туруктуулук жана өсүп-өнүгүүсү үчүн күч-аракет жумшап жатышканын белгиледи.
Президент Эрдоган, Түркия-Албания Фиер достук ооруканасынын ачылыш программасына түз байланыш аркылуу катышты.
Түркия-Албания карым-катнаштарынын барган сайын өнүккөндүгүн айткан президент, Түркиянын 30 жылдан ашуун убакыттан бери Албаниянын өнүгүүсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи.
"Fier достук ооруканасынын 3 айда бүтөрүн айткан элек. 3 айга жетпей бүтүрдүк», деген Эрдоган: «6 операция бөлмөсү, 20 реанимация бөлүмү жана 130 тейлөө керебети менен албаниялык боордошторубуздун пайдалануусуна даяр болду. Ооруканада 387 саламаттык сактоо кызматкерлери ийиндешип кызмат кылышат»,- деди.
Президент Эрдоган, Албания менен катар бардык Балкан өлкөлөрүнүн тынчтык, бейпилдик, туруктуулук жана өсүп-өнүгүүсү үчүн күч-аракет жумшап жатышканын белгилеп: «Түркияны коркутуп-үркүткөн же атаандаш катары көргөндөр бир гана өз кызыкчылыктарынын негизинде чоң жаңылыштыкка туш болуп жатышат», деп кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.