Түркия коронавирусту тизгиндөө үчүн бардык күчүн жумшоодо

Акыркы 24 саатта вирустан 346 киши көз жумду.

1625145
Түркия коронавирусту тизгиндөө үчүн бардык күчүн жумшоодо

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 346 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 36 миң 613 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 322 миң 128 тест жасалып, 2 миң 895 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 61 миң 28 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 55 миң 592 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 792 миң 129га жогорулады.



Тектеш кабарлар