Түркия Диянет фонду Непалдагы жардамга муктаж адамдарга жардам берди
Түркия Диянет фондунун кызматкерлери тамак - аш пакеттерин жана түрдүү белектерди түрдүү маалалардагы 250 үй – бүлөгө жеткирди.
Түркия Диянет фонду бул жылы «Боордошуңду унутпа, сени күтүп жатат» деген темада муктаж адамдарга жардам берүүдө.
Дин иштери боюнча башкармалыгынын координациясында жалпы өлкөдөгү кайрымдуу кишилердин берген жардамдары Түркия Диянет фондунун жардамы менен дүйнөнүн түрдү жерлериндеги көп сандаган адамды кубантууну улантууда.
Бир топ өлкөдө болгондой Непалда да кыйын шарттарда жашап жаткан адамдарга жардам берген Түркия Диянет фондунун ыктыярдуулары даярдалган жардам пакеттерин Непаргунж шаарындагы үй - бүлөлөргө тарката баштады.
Аймактагы калк кубанычтуу тосуп алган Түркия Диянет фондунун кызматкерлери тамак - аш пакеттерин жана түрдүү белектерди түрдүү маалалардагы 250 үй – бүлөгө жеткирди.
Жардамдар ушул айдын ичинде Непалдын түрдүү аймактарындагы адамдарга жеткирилет.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөш уланууда...
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагында ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист аныкталды.