Түркия менен Грециянын ишенимди бекемдөө чаралары боюнча жыйналышы

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

1624315
Түркия менен Грециянын ишенимди бекемдөө чаралары боюнча жыйналышы

Түркия жана Греция, «ишенимди бекемдөө чаралары» тууралуу жолугушуулардын төртүнчү айлампасын өткөрүү боюнча макулдашты.

Улуттук коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, «Түркия менен Грециянын Улуттук коргоо министрликтери ишенимди бекемдөө боюнча жолугушуулардын төртүнчү айлампасын өткөрүүгө макулдашты. Пландалган жолугушуу күнү жана башка маалыматтар кийинки убакта аныкталат»,делди.

Ишенимди бекемдөө чараларын талкуулаган техникалык жолугушуулар, президент Режеп Таййип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин жолугушуусунан кийин чечилип, ишке ашырылган.

НАТОнун штаб-квартирасында өткөн жолугушуулардын натыйжасында 2020-жылдын 2-октябрында «жалпы принциптерде» бирдиктүү түшүнүккө жетишилгендиги белгилүү болду.



Тектеш кабарлар