"Түрк деңиз флоту Чыгыш Жер Ортолук деңизинде эң күчтүүсү"

Түркиянын деңиз флотунун акыркы 20 жылда багытын жана күчүн өзгөргөрткөндүгү, бул өзгөрүүнүн пландаштырылган деңиз стратегиясынын жемиши экени баса белгиленди.

1622950
"Түрк деңиз флоту Чыгыш Жер Ортолук деңизинде эң күчтүүсү"

"Түрк деңиз флоту Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги эң күчтүү флот".

Бул билдирүү, Израилдеги Хайфа университетинин Саясий жана стратегиялык изилдөөлөр борборуна таандык.

Университетте жүргүзүлгөн бул изилдөө 2021-жылдын январь айында жарыяланган.

Түркиянын деңиз флотунун акыркы 20 жылда багытын жана күчүн өзгөргөрткөндүгү, бул өзгөрүүнүн пландаштырылган деңиз стратегиясынын жемиши экени баса белгиленди.

Изилдөөдө дагы бир көңүлдү бурган жагдай болсо Түркиянын деңиз күчүнүн барган сайын өсүшү.

Изилдөөдө ошондой эле Анкаранын флотунун бир канча жылдын ичинде 6 алдыңкы суу астында жүрүүчү кеме менен бекемделери айтылды. Түркиянын Деңиз күчтөрүнүн ушундайча 12-14 өнүккөн суу астында жүрүүчү кемелерге ээ болоору жана бул абалдын Түркияга чоң артыкчылык алып келери билдирилди.

Түрк деңиз күчтөрүнүн, Кара деңиз жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркияга теңдешсиз мүмкүнчүлүк камсыз кыла турганы да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар