Түркия мутацияланган Ковид-19га каршы дары иштеп чыкты
'Рибавирин' деп аталган дарынын лабораториялык изилдөөлөрү ийгиликтүү аяктады.
Түркиянын Илимий жана Технологиялык Изилдөө Кеңешинин (ТҮБИТАК) колдоосу менен Анкара университетинин Сөңгөк клетка институтунда мутациялуу (Ковид-19) коронавируска каршы ата мекендик дары иштелип чыкты.
ТҮБИТАК, Ковид-19 Түркия платформасынын карамагында ата мекендик вакцина жана дары-дармектер боюнча изилдөөлөрүн улантып жатат.
Ушул алкакта ТҮБИТАКтын колдоосу менен Анкара университетинин Сөңгөк клетка институтунда 37 изилдөөчү катышкан Ковид-19 бейтаптарын дарылоодо колдонула турган дары долбоору жүргүзүлдү.
Изилдөөнүн натыйжасында иштелип чыккан 'Рибавирин' деп аталган дарынын лабораториялык изилдөөлөрү ийгиликтүү аяктады.
Ковид-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоодо колдонула турган дары мутациялуу вируска каршы натыйжалуу деп табылды. 1-2 жуманын ичинде клиникалык баскычка өтө турган бул препараттын эң биринчи Анкара университетинин Ибн-и Сина ооруканасы, Коч Университети, Умрание билим берүү жана изилдөө ооруканасы, Анкара оорукана шаарчасында 50 ыктыярчы бейтапка берилиши пландалууда.