Түркия, Ливия жана Мальтанын тышкы иштер министрлери жолукту

Чавушоглу жолугушуу тууралуу Твиттердеги баракчасынан маалымат берди.

1620105
Түркия, Ливия жана Мальтанын тышкы иштер министрлери жолукту

Түркия, Ливия жана Мальтанын тышкы иштер министрлери, баш калаа Анкарада үч тараптуу жыйында жолугушту.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн тышкы иштер министри Нежла эль-Менгуш жана Мальтанын тышкы иштер министри Эварист Бартоло менен жолугушуу өткөргөндүгүн маалымдады.

Билдирүүсүндө Ливияга колдоонун улантыларын айткан Чавушоглу: «Биз ушул тарыхый бурулушта Ливияда тынчтык, туруктуулук жана өнүгүүнү камсыз кылууну колдой беребиз. Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш менен катар Жер Ортолук деңизинде тынчтык жана коопсуздуктун туруктуу болушу үчүн кызматташтыгыбыз улантылат»,-деди.



Тектеш кабарлар