Элчи Мержан АКШда мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту

Мержан, түрк-америка жана мусулман коомчулугунун тыгыз иштешине канааттангандыгын билдирди.

1618397
Элчи Мержан АКШда мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан АКШнын Нью-Жерси штатында мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Патерсон шаарында өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Мержан, түрк-америка коомчулугунун жана мусулман коомчулугунун тыгыз иштешине канааттангандыгын билдирди.

Түрк Америка Башкаруу комитети (TASC) тарабынан уюштурулган жыйынга Нью-Йорктогу башкы консул Рейхан Өзгүр, Диний кызматтар боюнча кеңешчи Билал Кушпынар, Түрк Америка Башкаруу комитетинин теңтөрагасы Халил Мутлу жана берки жогорку кызмат адамдары менен бирге Нью-Йорк жана Нью-Жерсидеги мусулман уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

АКШнын коомчулугундагы жалпы көйгөйлөргө токтолгон Мержан, аларды чечүү үчүн биргеликте иш алып баруу керектигин баса белгилеп: «Биз Америка элине өзүбүздүн канчалык деңгээлде жакшы экенибизди, бул мамлекеттин жыргалчылыгынан башка эч нерсе каалабаганыбызды жана бул коомчулуктун ажырагыс бөлүгү экенибизди көрсөтүшүбүз керек» деп билдирди.

Мусулман коомчулугунун лидерлери менен жолугушуудан кийин элчи Мержан Нью-Жерсиде жашаган түрк жарандарынын жумуш ордуларын кыдырып, алардын иштери жөнүндө маалымат алды.



Тектеш кабарлар