Кытайга карата бор экспортунда экинчи поезд жолго чыкты

Фатих Дөнмез альтернативдик соода жолдорунун мааниси Суэц каналында 23-мартта болгон кырсыктан кийин дагы бир жолу ортого чыкканын баса белгиледт.

1618178
Кытайга карата бор экспортунда экинчи поезд жолго чыкты

 Кытайга жасалган бор экспортунда экинчи поезд жолго чыкты.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  январда жасалган биринчи каттамда 42 контейнерлик борах пентагидраттын 800 метр узундуктагы поезд менен Кытайга алып барылгандыгын эске салды.

Дөнмез альтернативдик соода жолдорунун мааниси Суэц каналында 23-мартта болгон кырсыктан кийин дагы бир жолу ортого чыкканын баса белгилеп : «Дүйнө соодасы бир канча күндө  миллион долларлык жоготууга учурады. Бул абал бизге бир гана жол же бир гана транзиттик багыты боюнча жасала турган сооданын  тобокелдиктерин көрсөттү»,- деди.

Бүгүн Ети кенинин Түркия республикасынын мамлекеттик темир жолдор менен бирдикте Кытайга темир жолу менен экинчи поездди жолго чыгарышкандыгын билдирген Дөнмез Эскишехир Кыркадагы бор кенинде өндүрүлгөн рафинерия бор продукцияларынын  50 контейнердик блок вагондордо Кытайдын Шиянь станциясына карай кайрадан жолго чыкканын айтты.

Министр Дөнмез :"Ети кени Кытайдын рыногуна адаттагыдай эле кеме лизинги жана темир жол альтернативалары, ошондой эле деңиз контейнерлерин ташуу менен ийгиликтүү стратегиялык кадамды жүзөгө ашырат",-  деди.



Тектеш кабарлар