Түркия менен Азербайжандын ортосунда туризм келишими түзүлдү

Түркия Саякат Агенттиктери Биримдиги TÜRSAB жана Азербайжан Саякат Агенттиктери Биримдиги АТАА эки өлкөнүн ортосундагы туризм көлөмүнүн арттырылышына байланыштуу Стамбулда кызматташуу токтомуна кол коюшту.

1615605
Түркия менен Азербайжандын ортосунда туризм келишими түзүлдү

Түркия менен Азербайжан туризм көлөмүн чоңойтуу үчүн кызматташуу түзүүдө.

Түркия Саякат Агенттиктери Биримдиги TÜRSAB жана Азербайжан Саякат Агенттиктери Биримдиги АТАА эки өлкөнүн ортосундагы туризм көлөмүнүн арттырылышына байланыштуу Стамбулда кызматташуу токтомуна кол коюшту.

Келечектеги биргелеше аткарыла турган иштер жана биргелешкен туризм платформасынын түзүлүшү, саламаттык сактоо туризми сыяктуу темалар колго алынган кол коюу аземине TÜRSABдын төрагасы Фируз Баглыкая, АТААнын төрагасы Руфат Хажыев, Азербайжан саламаттык сактоо туризм биримдигинин төрагасы Руслан Гулиев менен  TÜRSABдын саламаттык сактоо туризминин төрагасы Али Рыфат Пешкиржиоглу катышты.

Кол коюлган протокол менен  саламаттык сактоо жана туризм платформасы түзүлөт. Бул келишимдин эки өлкөнүн ортосундагы сапарларды олуттуу түрдө арттырары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар