Түрк аскерлери террористтерге сокку урду

«Тынчтык булагы» аймагына кирүү аракети дагы бир жолу алдын алынды.

1615562
Түрк аскерлери террористтерге сокку урду

Сирияда «Тынчтык булагы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 9 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүнө караганда, «Тынчтык булагы» аймагына кирүү аракети дагы бир жолу алдын алынды.

Билдирүүдө: «Биздин баатыр десанттарыбыз террордук уюм ПКК/ЙПГге дагы бир сокку урду. «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган 9 ПКК/ЙПГ террористи чыккынчылык максттарына жете электе десанттарыбыздын түнкү операциясы менен таасирсиз кылынды. Баатыр десанттарыбызды куттуктайбыз», деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар