НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды

Жолугушууга Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышууда.

1606887
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды

Түндүк Атлантика Келишими Уюмуна (НАТО) мүчө өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери акыркы бир жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу Бельгиянын борбору Брюсселде бетме-бет жолугушту.

Жолугушууга Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышууда.

Брюсселде жыл ичинде өткөрүлүшү пландаштырылган НАТОнун Саммитине даярдануу формасындагы эки күндүк жыйындын биринчи күнүндө, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг тарабынан даярдалган «НАТО 2030» демилгеси боюнча пикир алмашуу болот .

Андан кийин министрлер НАТОнун Ооганстанда болушу жана Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча кеңешишет.

Жыйындын биринчи күнүндө, шериктештиктин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага жасаган мамилеси дагы бааланат жана НАТО бул аймактарда туруктуулукту орнотуу үчүн эмне кыла алаары талкууланат.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын экинчи күнүндө Россия темасы үстөлдө болот.

Столтенберг буга чейин Россия өз өлкөсүндөгү диссиденттерге кысым көрсөтүп, НАТОнун өлкөлөрүндөгү шайлоолорго киберчабуул менен кийлигишүүгө аракет кылып, демократияны басмырлоого аракет кылып, жалпысынан агрессивдүү мүнөздө экендигин айткан.



Тектеш кабарлар