Түрк аба жолдору Европада лидерлигин улантууда

Түрк аба жолдору 15 – 21 -  мартта күнүмдүк орточо 670 каттам менен Европада лидерлигин сактап калды.

1606132
Түрк аба жолдору Европада лидерлигин улантууда

Түрк аба жолдору 15 – 21 -  мартта күнүмдүк орточо 670 каттам менен Европада лидерлигин сактап калды.

Европа Аэроновигациялык Коопсуздук Уюмунун 15 – 21 -  март күндөрүн камтыган каттам отчетуна караганда түрк аба жолдорунун күнүмдүк орточо 670 каттам менен европалык атаандаштарын артта калтырды.

Тизмеде биринчи орунда турган түрк аба жолдорунан кийин  362  күндүк каттам менен Air France келди. Тизмеде үчүнчү орунда 285 каттам менен Пегасус аба жолдору, 4 -  орунда 273 каттам менен Lufthansa,  5 -  орунда 272 каттам менен Wideroe, 6 -  орунда 248 каттам менен KLM Royal Dutch аба жолдору орун алды.

Отчетто андан мурунку жумага караганда бардык каттамдарда 4 пайыздык өсүү болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар