Түрк аба күчтөрү АКШнын аскердик учактарына абада май куйду

Берилген маалыматта май куюу учурларынын видеосу да орун алды.

1605122
Түрк  аба күчтөрү АКШнын аскердик учактарына абада май куйду

Түрк аба күчтөрү Америка Кошмо Штаттарынын аскер-деңиз флотуна таандык 4 аскердик учакка  май куйду.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берген маалыматында : " Joint Protected Entry Exerciseтин негизинде  АКШнын аскер-деңиз флотуна таандык 4 F-18 согуштук учагына биздин аба күчтөрүбүздүн командирлиги тарабынан эл аралык аба мейкиндигинде май куюлуп, өз ара машыгуулар өткөрүлдү",- деп билдирилди.

Маалыматта май куюу учурларынын видеосу да орун алды.

 



Тектеш кабарлар