Түркиянын Вашингтон элчиси Түркия - Америка коомчулугуна кайрылды
Түркиянын жаңы дайындалган Вашингтон элчиси Хасан Мурат Мержан кызматын баштоо менен бирге Вашингтон элчилигинин расмий твиттер эсебинен видео билдирүү жарыялады.
Түркиянын жаңы дайындалган Вашингтон элчиси Хасан Мурат Мержан кызматын баштоо менен бирге Вашингтон элчилигинин расмий твиттер эсебинен жарыялаган видео билдирүүсүндө Түркия - Америка коомчулугуна кайрылды.
15 - март дүйшөмбү күнүнөн тарта кызматын баштаганын эске салган Мержан : «Сиздер менен биргеликте Түркия - Америка карым - катнаштарын дагы да өнүктүрүү, Түркияны АКШда дагы жакшы таанытуу жана Түркиянын өнүгүшү үчүн өзүмө түшкөн милдетти аткаруу үчүн кызматымды баштадым»,- деди.
Хасан Мурат Мержан Түркия - Америка коомчулугу менен карым - катнаштарды күчтөндүрүүнүн, бирлегикте иш алып баруунун эң негизги максаты экендигин айтты.
Мержан : «Белгилүү болгондой Түркия үчүн Трансатлантика карым - катнаштары ар дайым мааниге ээ болгон. Мындан кийин да маанилүү болот. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий карым - катнаштарды алдыга жылдыруу баарыбыздын негизги милдеттерибиздин арасында болот»,- деди.