Түрк аба жолдору Европадагы лидерлигин улантууда
Түрк аба жолдорунан кийин Air France экинчи орунду ээледи.
1602947
Түрк аба жолдору (THY) 8-14-март күндөрүнүн аралыгында күнүмдүк 649 каттам менен Европада лидерлигин улантты.
Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) 8-14-март күндөрүнүн аралыгындагы учуу кыймылы боюнча отчетуна караганда, Түрк аба жолдору (THY) күнүмдүк 649 каттам менен европалык атаандаштарын артта калтырды.
Тизменин башында турган Түрк аба жолдорунан кийин 358 күнүмдүк учуу менен Air France экинчи орунду алды.
Үчүнчү орунду 243 каттам менен KLM, 4-орунду 231 рейс менен Lufthansa, 5-орунду 165 каттам менен SAS жана 6-орунду 105 рейс менен British Airways ээледи.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.