Түркиянын эл аралык уюмдарга Исламофобияга каршы күрөшүү маселеси боюнча билдирүүсү

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 15-март «Исламофобияга каршы эл аралык күнүнө» байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланрды.

1601454
Түркиянын эл аралык уюмдарга Исламофобияга каршы күрөшүү маселеси боюнча билдирүүсү

Түркия, Исламофобияга каршы күрөшүү маселесинин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баш болгон эл аралык жана аймактык уюмдардын күн тартибинде калтырылышына карай жигердүү аракеттердин жана демилгелердин улана турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан 15-март «Исламофобияга каршы эл аралык күнүнө» байланыштуу берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында 2019-жылы 15-мартта болгон террордук кол салуунун экинчи жылынан улам кол салуудан каза болгон жана арасында бир түрк жараны да болгон 51 адамдын жаркын элестери урматтоо жана таазим кылуу менен эскерилгени белгиленди.

Билдирүүдө Түркиянын эл аралык платформаларда исламофобия менен күрөшүүдө алдыңкы ролду ойногон Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) бул багыттагы аракеттерин колдогону жана бул максатта Түркиянын демилгеси менен ИКУ курамында Европанын мусулмандарынын Байланыш тобу түзүлгөндүгү орун алды.

Жаңы Зеландиядагы террордук кол салуулардан кийин дароо Түркиянын ИКУнун кезектеги төрагасы сыпаты менен 2019-жылдын 22-мартында Стамбулда ИКУнун тышкы иштер министрлеринин  Өзгөчө аткаруу комитетинин жыйынын өткөргөндүгү эске салынган  билдирүүсүндө, ошол учурда эл аралык исламофобияга каршы күрөшүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу үчүн чакыруу жасалгандыгы эскертилди.

Билдирүүдө ушул түшүнүктүн алкагында ИКУнун Тышкы иштер министрлеринин 47-кеңеши 2020-жылы 27-28-ноябрда Ниамейде чогулуп, 15-мартты «Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү» деп жарыялаган.

Жогоруда айтылган чечимге ылайык, исламофобияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык маалымдуулукту жогорулатуунун контексти боюнча ИКУга мүчө өлкөлөрдүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрүнүн демилгелери менен 2021-жылдын 17-мартында өтө турган онлайн режиминдеги иш-чарага тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун катыша турганы белгиленди..

Билдирүүдө: «Биздин Исламофобияга каршы күрөшүү маселесинин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баш болгон эл аралык жана аймактык уюмдардын күн тартибинде калтырылышына карай жигердүү аракеттерибиз жана демилгелерибиз улантылат»,делди.

Экинчи тараптан, Тышкы иштер министрлиги баштаган иш-чаралардын алкагында исламофобия, ксенофобия жана расизмге байланыштуу актылар жана дискурстар болгон өлкөлөр жөнүндө жылдык отчеттор даярдалары жана алардын эл аралык коомчулук менен бөлүшүлө турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар