Президент Эрдоган: «Эпидемияга каршы жүргүзгөн күрөшүүбүздү ийгиликтүү аяктоого чечкиндүүбүз»

Президент Эрдоган 14-март Медицина күнүнө карата видео кайрылуу жарыялады.

1600968
Президент Эрдоган: «Эпидемияга каршы жүргүзгөн күрөшүүбүздү ийгиликтүү аяктоого чечкиндүүбүз»

Президент Режеп Тайип Эрдоган дүйнөнү терең дүрбөлөңгө салган жаңы түрдөгү коронавирустун эпидемиясына каршы күрөштү ийгиликтүү аяктоого чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Президент Эрдоган 14-март Медицина күнүнө карата видео кайрылуу жарыялады.

Эпидемиялык процесс, ден-соолукка жана саламаттыкты сактоо инфраструктурасына жасалган инвестициянын канчалык маанилүү, канчалык деңгээлде керектүү экендигин көз алдыга жайганын айткан Эрдоган, көпчүлүк өлкөлөрдө адамдар тез жардам кызматын таба албаган, оорукананын эшигинен артка кайтарылган, карылар үйүндө кароосуздан каза болгон көрүнүштөргө Түркияда уруксат бербегендерин баса белгиледи.

Түркия эң жогорку тобокелдик тобун эмдөө менен ишти баштаган дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн арасында экендигин баса белгилеген Эрдоган: «Ийгиликтин эң чоң үлүшү элибиздин ден-соолугубузду калыбына келтирүү үчүн күнү-түнү чуркап жүргөн саламаттык сактоо кызматкерлерибизге таандык экендиги талашсыз. Биз дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн акыркы жылдагы эпидемияга каршы жүргүзгөн күрөштү ийгиликтүү аяктоого чечкиндүүбүз»,-деди.

Президенттиктин Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун дагы Твиттердеги эсебинде президент Эрдогандын 14-март Медицина күнүн белгилеген видеону бөлүштү.

Видеодо президент Эрдоган 14-март Медицина күнүн белгилеп: «Өзүбүздүн цивилизациялык географияда Ибн Сина жана аль-Рази сыяктуу аалымдар тарабынан негизделген медицина илими адамзат үчүн ар дайым маанилүү болгон. Анткени сиздер жаратылгандардын эң ардактуусу болгон адамга эң мыкты кызмат кылып жатасыздар, аткарып жатасыздар.

Мен урматтуу дарыгерлерибизге, медицина факультетинде келечектеги дарыгерлерди тарбиялаган урматтуу профессорлорубузга жана биздин бардык саламаттык сактоо кызматкерлерибизге өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Бардык саламаттык сактоо кызматкерлерибизди 14-март Медицина күнү менен куттуктайм. Майрамыңыздар менен»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар