Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 66 киши көз жумду.

1600356
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 66 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 29 миң 356 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 148 миң 856 тест жасалып, 834 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 14 миң 941 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 11 миң 180 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 670 миң 273кө жогорулады.

 



Тектеш кабарлар