Министр Акар медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Акар 14-март медицина кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады.

1600684
Министр Акар медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын жогорку квалификациялуу медициналык кызматкерлери менен күчтүү саламаттык сактоо инфраструктурасын бириктирип, сапаттуу саламаттыкты сактоо кызматын көрсөткөндүгүн билдирди.

Акар 14-март медицина кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады.

Акар өз билдирүүсүндө, өлкөнүн ар бир бурчундагы 84 миллион жаранга саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүү үчүн эмгектенип жаткан бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктагандыгын белгиледи.

Адамдардын жана коомчулуктун ден-соолугун коргоо үчүн эң маанилүү милдетти медициналык кызматкерлердин милдеттенгендигин баса белгилеген Акар, дүйнөгө таасирин тийгизген коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы процессинде саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жан-дили менен иштеп жатышкандарын жана пандемиянын Түркиядагы таасиринин азайтылышына чоң салым кошкондорун билдирди.

Акар бул процессте саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жасаган чоң аракеттеринин баа жеткис экендигин айтты.



Тектеш кабарлар