Түркиянын коронавирус менен күрөшү тууралуу интернет сайтында билдирилет

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Түркияда биринчи жолу Ковид  - 19  бейтабы чыккан 2020 -  жыл  11 -  марттан бери эпидемия менен күрөшүү тууралуу маалыматтарды берген "turkiyestopscovid.com" интернет сайтын ачты.

1600223
Түркиянын коронавирус менен күрөшү тууралуу интернет сайтында билдирилет

Түркиянын коронавирус менен күрөшү тууралуу интернет сайтында маалымат берилет.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Түркияда биринчи жолу Ковид  - 19  бейтабы чыккан 2020 -  жыл  11 -  марттан бери эпидемия менен күрөшүү тууралуу маалыматтарды берген "turkiyestopscovid.com" интернет сайтын ачты.

«Адамзат үчүн» деген ураан менен түрк жана англис тилдеринде даярдалган интернет сайты Түркиянын бул процессте өз жарандары жана бүткүл дүйнө үчүн берген жардамдарын камтыйт.

Ковид  - 19 менен күрөштө Түркия модели сөз болгон сайтта Түркиянын саламаттыкты сактоодон, билим берүүгө, социалдык жардамдардан экономикалык колдоого чейин аткарган иштери тууралуу кенен маалымат берилет.

Сайт бүткүл дүйнөгө жардам берген Түркиянын глобалдык деңгээлде эпидемиянын жолун тосууга кошкон салымы тууралуу да билдирет.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун корнавирус өлкөдө чыккандан бери 1 жылдын өткөндүгүн белгилеп буларды айтты : «Мамлекетибиз бардык мекемелери менен алгачкы учурдан тарта күн  - түн дебестен иштеди. Бүгүн да элибиз жана адамзат чүүн коронавирус менен күрөшүүнү улантуудабыз».



Тектеш кабарлар