Чавушоглу катардык кесиптеши менен жолукту
Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Дохада катардык кесиптеши менен бир айдын ичинде экинчи жолу жолугушкандыгына көңүл бурду.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен барган Катарда вице-премьер-министр жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед Бин Абдуррахман Аль Тани менен жолугушту.
Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Дохада катардык кесиптеши менен бир айдын ичинде экинчи жолу жолугушкандыгына көңүл бурду.
Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык маселелерди талкуулагандарын белгилеген Чавушоглу: «Перс булуңундагы нормалдашууга колдообуз уланууда», - деди.
Чавушоглу, Түркиянын Катар менен кызматташтыгынын бардык тармактарда мындан ары дагы жогорулай тургандыгын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.