Илхам Алиев Түркия Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясынын делегациясын кабыл алды

Кабыл алууда Илхам Алиев Азербайжан менен Түркиянын парламенттер аралык карым  - катнаштардын  ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

1598396
Илхам Алиев Түркия Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясынын делегациясын кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркия Улуттук Парламентинин  тышкы комиссиясынын төрагасы Акиф Чагатай Кылыч жетектеген делегацияны кабыл алды.

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда Илхам Алиев кабыл алууда Азербайжан менен Түркиянын парламенттер аралык карым  - катнаштардын  ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Алиев эки өлкөнүн эл аралык мекмелерде да бири бирин колдогондугун белгилеп Карабах согушунда Түркиянын колдоосунун Азербайжан калкы тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынгандыгын эске салды.

Эки бир тууган өлкөнүн дайыма бири биринин жанында экендигин баса белгилеген Алиев : «Бир тууганым, урматтуу президент Р. Т. Эрдогандын согуштун алгачкы сааттарынан тарта ортого салган саясий жана руханий колдоосу биздин көңүлүбүздү көтөрдү.

Парламенттин төрагасы Мустафа Шентоп жана депутаттар тилектештиктерин жана колдоолорун билдиришти. Бул согуш күндөрү элдерибиздин  бири  бирин канчалык колдогондугун жана сыйлагандыгын дагы бир жолу көрсөттү », - деди.

Эрдогандын Экономикалык Кызматташтык Уюмунун акыркы саммитинде Азербайжандын жеңиши жөнүндө абдан жакшы сөздөрдү айткандыгын эске салган Алиев, түрк басылмалары жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан Азербайжанга согуш мезгилинде берилген колдоону жогору баалады.

Аймакта жаңы кырдаалдын түзүлгөндүгүн айткан Алиев : «Тоолуу карабах маселеси тарых болду, чечилди, бүттү. Эми келечекке карап жана аймагыбыздагы кызматташууну ойлошубуз керек. Өзгөчө транспорт долбоорлорун ишке ашыруу, Зенгезур коридорунун ачылышы маанилүү маселелердин бири. Муну биргелешкен аракеттер менен аткарарыбызга ишенем»,- деди.

Түркия Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясынын мүчөлөрү катары Азербайжандын жеңишинен абдан кубанычтуу экендерин баса белгилеген Кылыч : «Түркия Улуттук Парламентинде  сиздин ийгилигиңизди, лидерлигиңизди жана аймактын тарыхында бурулуш жери болгон күрөшүңүздү колдогон 4 саясий партиянын өкүлдөрү катары бул жердебиз»,- деди.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар